• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Ууру түрмөдө отурушу керек”: Активисттер Данияр Үсөновду КРга кайтарууну талап кылышууда

Коом 0


Бишкек, 14.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте Беларусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Данияр Үсөновду Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча “Ууру түрмөдө отурушу керек” деген аталыштагы акция өтүүдө. Бул тууралуу “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Амантур Жамгырчиев билдирди.

“Биз 2010-жылдагы Бишкектин борбордук аянтында болгон апрель окуясында каза болгон жана жабыркаган үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын көздөйбүз. Кыргызстанга Данияр Үсөновду – Даниил Урицкийди кайтаргыла, ал өмүр бою түрмөдө отурушу керек”,-деп активисттер Беларусия Республикасынын президенти Александр Лукашенкого кайрылышты.

Пикир

Оставить комментарий