• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Уурулук жана алдамчылык. Ош шаарында бир жумада 231 кылмыш катталды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Ош шаарында өткөн жума аралыгында жалпысынан 231 кылмыш катталды. Басымдуу көпчүлүгү уурулук жана алдамчылык. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, катталган кылмыштардын ичинен 177 кылмыштын бети изи сууй электе ачылып, ачылуу пайызы 76.6 пайызды түздү. Калган ачыла элек кылмыштардын үстүнөн ыкчам иш-чаралар улантылып жатат. Жума аралыгында өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Шаар аймагында иштеп жаткан патрулдук милиция кызматы тарабынан 7-декабрдан 20-декабрга чейин жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 347 айдоочуга жана жөө жүргүнчүлөргө протоколдор түзүлүп, айып салынды. Алардын арасында мас абалында автомашина айдаган 30 айдоочу дагы бар. 49 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Патрулдук милиция кызматы тарабынан "102 кызматы аркылуу түшкөн 75 дарекке текшерилип, жарандарга ыкчам жардамдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий