• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Уурулук жана каракчылык кылгандардын көбү ички мигранттар – ИИМ

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Уурулуктардын жана каракчылыктардын көбүн ички мигранттар жасашат. Бул тууралуу Криминалдык милиция кызматынын 1-башкармалыгынын башчысы Марлис Жумабаев “Кыргызстандагы ички миграция: социалдык мобилдүүлүккө тоскоолдуктар” аталышындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда 200гө жакын уурулук жана каракчылык катталган. Алар ички мигранттар тарабынан жасалган. Кылмыштардын көбүнүн бети ачылган.

“Кылмыштардын көп бөлүгүн ички мигранттар жасашат. Мисалы, бүгүнкү күндө ички мигранттар мүлктүк кылмыштарды кылып жатышат – уурулуктар, батирдеги уурулуктар, каракчылык кол салуулар, тоноочулук. Алар каттоосу башка жакта болгондуктан, туугандарынын үйүндө жашагандыктан, акчасы жок болуп тааныштарыныкында жан багышкандыктан ушундай кадамга барышат. Кылмыш кылгандардын жарымы буга чейин соттолгон адамдар”, - деди Жумабаев.

Пикир

Оставить комментарий