• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

UWW уюму Жоламан Шаршенбековдун катышуусундагы шыктандыруучу видео жарыялады

Спорт 0


Бишкек, 09.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековдун катышуусундагы шыктандыруучу видео жарыялады.

“Миңдеген ынтызар балбандар өз учурун күтүп жатышат. Ынтызарлык ийгиликтерди жаратып келет. Сенде бардык өнөр бар, бирок канчалык деңгээлде ынтызарсың?” - деген суроо берилет видеодо.

Эскерте кетсек, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты балбаны” жана "Тарых жаратуучу" наамына татыган.

Учурда Шаршенбеков жалпы 55 миң упай менен дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 60 кг салмак категориядагылар арасында 1-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий