• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Узакбаев: Эне сүтүн берүү эне жана бала үчүн өтө маанилүү

Коом 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Эне сүтүн берүү эне жана бала үчүн өтө маанилүү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, балага эне сүтүн берүүдө аялдын организминде окситоцин гормону иштелип чыгып, төрөттөн кийин организмдин тез калыбына келишине түрткү берет.

"Биз, төрөт үйлөрүндө аялдарды балдарын эмизүүгө көндүрөбүз. Төрөт үйүндөгү аялдардын 81%ы балдарын эмизип карашат. Төрөт үйдөн чыккандан кийин ал 40-41%га кыскарат. Төрөгөн аялдар үйүнө келгенде туугандарынын жана тааныштарынын кеңештерин угуп, баласын эмизбей коюшат", - дейт ал.

Ал белгилегендей, эмизүүнүн эне жана бала үчүн көп жакшы жактары бар.

"Баласын бери дегенде алгачкы 6 ай аралыгында эмизген аялдардын эмчек безинин рагына жана башка ооруларга чалдыгуусу азаят. Эне сүтүн эмбеген балдарга караганда эне сүтүн эмген ымыркайлардын ден соолугу жакшы жана акыл жөндөмү күчтүү болот", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ЮНИСЕФ 1-9-август күндөрү "Дүйнөлүк баланы эмизүү жумалыгын" өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий