• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Узарбек Жылкыбаев: БШКнын серверинде эч кандай мүчүлүштүктөр болгон жок, бул таблицадагы программалык ката

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде эч кандай мүчүлүштүктөр болгон жок, бул таблицанын ишиндеги маанилүү болбогон программалык ката. Бул тууралуу “Марал FM” радиосунун эфиринде БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, мындан мурда ачык-айкын шайлоо процессин өткөрүүнүн алкагында БШКнын программисттери жарандар үчүн кошумча аянтча түзүшкөн, анда онлайн режиминде автоматтык эсептөө урналарынан шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматтар жарыяланып турган.

“Ушуга байланыштуу таблицанын ишинде программалык катачылык кетти, бирок ал добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен жок жана эте албайт”, - деди ал.

Муну менен катар БШК мүчөсү бул ката хакердик чабуулга дагы байланышы жок. “Сайт жакшы корголгон”, - деген Жылкыбаев программалык катачылык КР БШК жетекчилигине жыйынтыктоочу пресс-конференцияга бара жаткан жолдо белгилүү болгонун жана бул фактыны эч ким жаап-жашырбай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, шайлоодон кийин автоматтык эсептөө урналарынан шайлоочулардын добуш берүүсүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн БШКнын сайтында мүчулүштүктөр болгон. Баары оңдолгондон кийин, сандар өзгөргөн. БШКнын жетекчиси түшүндүргөндөй, сайттагы ката формуланын туура эмес иштешинен улам келип чыккан, ал дароо оңдолгон.

Пикир

Оставить комментарий