• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Узарбек Жылкыбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Узарбек Жылкыбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Башка чечим менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, Узарбек Жылкыбаев буга чейин кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.

Пикир

Оставить комментарий