• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Жылкыбаев өзү тастыктады.

Ал билдиргендей, тиешелүү буйрукка кечээ, 24-июлда өкмөт башчы кол койгон.

Белгилей кетсек, Жылкыбаев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын ээлеп келген.

Өкмөттүн Оштогу мурдагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов жакында эле Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий