• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Узарбек Жылкыбаев: Жеңилдиктер берилди деп айыл кыдырып кеткен туура эмес

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. 1-майдан тартып жеңилдиктер берилди деп көчөгө чыгып, айыл кыдырып кеткен туура эмес, - деп баса белгиледи өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укук өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ошто өткөн брифингде.

Анын айтуусуна караганда, буга чейин Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режими алынган. Бирок өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылган. 1-майдан тартып өз ишин кайрадан баштаган ишканалар медиктер тарабынан сунушталган талаптардын негизинде иш жүргүзүүсү керек.

"Ишин кайрадан баштап жаткан ишкана биринчиден жергиликтүү бийликтен уруксат алышы керек. Талапка жооп береби же жокпу аны жерине барып ӨКМ, Санэпидем жана медицина кызматкерлери текшеришет. Ишкана кызматкерлерди алып келүү үчүн атайын автоунаа жалдашы керек, өз кезегенди ал унаа да баардык талаптарга жооп бериши абзел. Кызматкерлердин коопсуздук жагын дагы дыкат текшерүүгө алуу керек. Мындай талап ишин кайрадан баштап жаткан баардык тармакка тиешелүү", - деп баса белгиледи ал.

Жылкыбаев Ош шаарында өзгөчө абал режими дагы деле уланып жаткандыгын эске салып, Ош облусунун тургундарынан Ош шаарына келбей турууну суранды.

"Кечээ, 1-майда Ош шаарына кире бериш жерде тыгын болуп калды. Кезекке туруунун да талаптарын аткарбагандар болууда. Баарын туура түшүнүп жатабыз. Бирок ушунча кылган эмгекти текке кетирбеш керек. Айрыкча медиктердин, укук коргоо, жергиликтүү бийлик органдарынын жасаган эмгеги текке кетпесин. Урматтуу мекендештер, карантиндик шарт алына элек, медиктердин койгон талаптарын так аткаруу керек", - деп баса белгиледи ал.

Эске сала кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылган.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун үч этаптуу жол-жобосу иштелип чыгып, 1-майдан тарта жарандардын бир бөлүгү өз иштерине кайтышты.

2020-жылдын 1-майынан тарта уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги:

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

2. Курулуш чөйрөсү:

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

4. Жеке жана мамлекеттик нораиустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боео жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда).

2020-жылдын 11-майынан тарта өзгөчө экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

2. Калкты тейлөө кызматтары:

3. Соода чөйрөсү:

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү.

2020-жылдын 21-майынан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар).

2. Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору:

3. Соода-сатык чөйрөсү:

4. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Пикир

Оставить комментарий