• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

UzAuto Motors унааларды жеткирүү эки айга кечигерин жарыялады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. UzAuto Motors ноябрь-декабрь айларында унааларын күтүп жаткан кардарларына жеткирүү мөөнөтү эки айга кечигерин жарыялады.

Компания бул абалды “жарым өткөргүчтүү компоненттердин жетишсиздиги жана логистикадагы глобалдык көйгөйлөр” менен түшүндүрдү. UzAuto Motors кардарларына автоунааларды болушунча кыска мөөнөттө жеткирүүгө убада берди.

Буга чейин компания Chevrolet Captiva 5 автоунааларын жеткирүү боюнча келишимдерди бузганы үчүн каражатты кайтарып берерин жана компенсация төлөй турганын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий