• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Uzbekistan Airways Бишкекке учуунун санын көбөйтөт

Коом 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Uzbekistan Airways компаниясы Ташкент – Бишкек – Ташкент каттамы боюнча учуулардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу аталган компаниядан билдирди.

Азыркы учурда аба каттамдары дүйшөмбү, бейшемби жан ишемби күндөрү каттап келсе, 3-июлдан тарта шаршамби күндөрү дагы каттай баштайт.

Учуунун тартиби: Ташкенттен 13:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча) учуп, Бишкекке 15:10до (жергиликтүү уакыт боюнча) конот. Ал эми Бишкекте 16:30да (жергиликтүү убакыт боюнча) учуп, Ташкенге 16:50дө конот.

Ушул жылдын март айында Кыргызтандын AirManas компаниясы Бишкек - Ташкент каттамын калыбына келтиргенин маалымдаган.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамы 2020-жылы пандемияга байланыштуу токтогон.

Пикир

Оставить комментарий