• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 8-март күнү саат 23:00дөр чамасында Терек-Суу айылындагы Узун-Акмат суусуна 30 жаштагы эркек адам түшүп кеткен.

10-мартта издөө иштерин улантуу максатында куткаруучулар тартылып, саат 11:00дө суудан адамдын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий