• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каратаев: Бишкек боюнча Биринчи май районундагы күндүзгү стационарга эң көп жарандар кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Бишкек шаары боюнча Биринчи май районундагы күндүзгү стационарга эң көп жарандар кайрылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

“Биринчи май районундагы стационарга 587 адам кайрылган. Анын 570 жаранга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. 14ү кеп-кеңеш алган жана үч жаран ооруканага жаткырылган. Ленин районундагы стационарга 362 адам кайрылып, медициналык жардам алышкан. Ал эми Свердлов районундагы стационарга 265 адам кайрылган. Анын 122 адам жардам алса, 140 жаранга кеп-кеңеш берилген жана бирөө ооруканага жаткырылган. Тилекке каршы, бул райондо каза болгон учур катталды. Октябрь районундагы стационарга 520 киши кайрылган, анын 500дөй жаранына жардам көрсөтүлгөн, 14үнө кеңеш берилген жана 2 бейтап ооруканага жаткырылган”, - дейт ал.

Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар төмөнкү даректе жайгашкан:

1. Ленин району – Арча-Бешик конушундагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (90 орун);

2. Биринчи май району – Спорт ордосу (150 орун);

3. Свердлов району – Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (150 орун);

4. Октябрь району – Түштүк магистралындагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (140 орун).

Пикир

Оставить комментарий