• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вьетнамда автобуста 9 саат камалып калган мектеп окуучусу көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 7.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Вьетнамдагы эл аралык мектепте окуган 6 жаштагы окуучунун жансыз денеси шейшемби күнү мектеп автобусунан табылган. Бул тууралуу VnExpress басылмасы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, автобус 13 баланы Gateway International School мектебине эрте менен алып барганда ал окуучу автобустун арткы орундугунда отурган. Мектепке жеткенде автобусту коштоп жүрүүчү мектепке жаңы бара жаткан балдарды карап жатып канча бала автобустан түшкөнүн санабай калган.

Айдоочу жана коштоп жүргөн адам автобусту түштөн кийин текшергенде жалгыз окуучу айдоочунун ордунда эсин жоготкон абалда отурганын көрөт. Ал автобуста 9 саат бою камалып калган.

Мектептин директорунун айтымында, окуучунун мектепте жогун эрте менен эле билишип, мектеп администрациясына маалымдаган. Ата-эне менен баарлашкан мугалим өргүүгө чыгып кеткендиктен, өздөрү тарабынан ката кеткендигин мектеп жетекчиси айтат.

"Биз балабызды издегенге аракет кылганда, ал автобуста уктап калып, ооруканага жеткирилгенин мектептен айтышкан", - дейт окуучунун атасы.

Окуучунун ата-энеси каза болуунун себебин билүү үчүн сөөктү союуга уруксатын берген. Ошол эле учурда, мектеп жамааты жоопкерчиликти өз моюнуна алаарын айтып, эмне болгонун аныкташ үчүн камералардын баарын текшерип чыгуусун билдирген.

Полиция кызматкерлери мектеп администрациясын суракка чакырган.

Пикир

Оставить комментарий