• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вьетнамда мотоциклден кулап калган эне баласын өлүмдөн сактап калды. Видео

Дүйнө 0


Бишкек, 26.2.19 /Кабар/. Вьетнамда мотоциклден кулап калган эне баласын бир секунд калганда өлүмдөн сактап калды. Бул тууралуу Daily Mail гезити жазат.

Окуя Вьетнамдын түндүгүндөгү Намдинь (Nam Dinh) провинциясында болгон.

Видеодо көрүнгөндөй, боз түстөгү автоунаа мотоциклде бара жаткан үч кишини сүзүп кеткен. Арткы жагында отурган аял менен жаш бала кулап, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткен.

Келе жаткан оор жүк ташуучу унааны байкаган эне секунд калганда баласын өзүнө тартып, өлүмдөн сактап калды.

Мотоциклди айдап бараткан киши артындагылар кулаганын көрүп, жолдун четине чыгып токтогон.

Пикир

Оставить комментарий