• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Вьетнамдын президенти Чан Дай Куанг каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Вьетнамдын президенти Чан Дай Куанг каза болду, - деп мамлекеттик ЖМКга шилтеме берип Франс Пресс жазып чыкты.

Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:05те ооруканадан каза болгон (Бишкек убактысы боюнча саат 09:05), деп билдирет Вьетнам маалымат агенттиги.

Чай Дай Куанг 1956-жылы 12-октябрда Вьетнамдын батышындагы Ниньбинь провинциясында төрөлгөн. ИИМде кызмат өтөп, андан соң коомдук коопсуздуктук министри болгон. 2016-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий