• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

В.Путин: «Биз Кыргызстанда кырдаалдын турукташканына кубанычтабыз»

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. «Биз Кыргызстанда кырдаалдын турукташканына кубанычтабыз»,-деди Россиянын Президенти Владимир Путин бүгүн Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда.

Анын айтымында, Россия менен Кыргызстандын ортосунда мамилелердин өнүгүүсүндө көптөгөн мезгилдер өттү.

“Өткөн мезгилдер татаал болгону менен көптөгөн жакшы нерселер жасалды. Биз Кыргызстанда кырдаалдын турукташканына кубанычтабыз. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунда да макулдашуулар татаал болгонун билебиз. Мамлекет башчысы өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын эмоционалдуу, ошол эле учурда бекем коргоду. Мындай макулдашуулар – бул процесстерге катышкан бардык тараптарга оңтойлуу болгон компромисс болуп саналат”,-деди В.Путин.

Ошондой эле, Россиянын Президенти Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү процесси так болушу үчүн, өлкө экономикасы ЕАЭБ эрежелерине ылайыкталышы үчүн атайын механизмдер иштелип чыккандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий