• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

В.Путиндин КРга иш сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн 25 жылдык кызматташтыгына баа берилет – элчи

Саясат 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын 25 жыл аралыгындагы кызматташтыгына баа берилет, атап айтканда тараптар эмнеге жетишти жана алдыда эмнелерди жасоо турат, мына ушуларга токтолушат. Бул тууралуу “Кыргызстан-Россия: келечекке (коопсуздук, экономикалык, гуманитардык кызматташтык) багытталган өнөктөштүк” аталышындагы эл аралык жыйында Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько билдирди.

Анын айтымында, В.Путиндин Кыргызстанга иш сапарынын күн тартибинде кеңири маселелерди талкуулоо турат.

“Алар биздин эки тараптуу кызматташтык, соода-экономикалык, гуманитардык жана аскер-саясий кызматташтык. Бир жумадан кийин РФ башчысынын Бишкекке келип кетүүсүнөн соң ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болот. Бул жылы Кыргызстан ЕАЭБге төрагалык кыла турганын белгилеп кетким келет. Бул эки тараптуу жана көп тараптуу өнүктүрүү биздин доордун символу болуп саналат. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун 3 жылдыгын белгилейбиз. Бул багытта объективдүү байкоочулар жана аналитиктер тарабынан көп талаш-тартыштар бар, бирок артыкчылыктар андан дагы көп. Эгер Кыргызстан биримдикке кирүүдөн баш тартса, анда кыйынчылыктар мындан дагы көп болмок”,-деди ал.

Ошондой эле, А.Крутько акырындык менен ЕАЭБ өлкөлөрү глобалдык каатчылыктын натыйжасында пайда болгон кыйынчылыктарды жеңип жатат деп белгиледи.

“Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнөн улам пайда болгон артыкчылыктарды эки колдоп дагы санап бүтө албайбыз. Буга Россияда эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандарына берилген жеңилдиктер кирет. Мындан тышкары, 2016-жылы КР менен РФнын ортосундагы товар айландыруу көбөйгөн, өзгөчө агроөнөржай продукцияларын экспорттоо жаатында”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий