• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

В.Володин Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Мейманды Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов «Манас» эл аралык аэробекетинен тосуп алды.

Белгилей кетсек, расмий иш сапардын алкагында В.Володин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеӊири чөйрөдө жолугушуп, эки тараптуу мамилелер, парламенттер аралык кызматташтык мамилелер жаатында пикир алышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий