• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Вакцина алган кош бойлуу айымдарга COVID-19 оорусунун коркунучу аз — профессор

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Вакцина алган кош бойлуу айымдарга COVID-19 оорусунун коркунучу аз экендигин Кыргыз акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров брифинг учурунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 118 миңден ашуун кош бойлуу аял эмдөөдөн өттү. Ар кайсы өлкөлөрдүн адистери эмдөөнүн пайдасы анын тобокелдигинен жогору деп эсептешет. Эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу кош бойлуу аялдарга вакцинаны алуу сунушталат, бирок жеке макулдугу менен жана каршы көрсөтмөлөрү жок учурда”, - деди Аскеров.

Аскеров кош бойлуулук учурунда COVID-19 ден соолуктун начарлашына жана түйүлдүккө терс таасирин тийгизе тургандыгын белгилеп кетти.

“Төрөткө чейинки медициналык жардамдын кызматкерлери вакцина алган кош бойлуу аялдарды өз убагында көзөмөлдөп жана терс кесепеттерге көз салып турушу керек. Коронавирустук инфекциясы кош бойлуу аялдарда кош бойлуу эмес аялдарга салыштырмалуу кыйла оор түрүндө өтүшү мүмкүн. Эрте төрөлүү же түйүлдүктүн көтөрүлбөй калуу коркунучу жогорулайт. Ошондуктан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кош бойлуу аялдарга вакцинаны дарыгерден кеңеш алгандан кийин алууну сунуштайт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий