• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вакцина жана кош бойлуулук. Акушер-гинеколог көп берилген суроолорго жооп берди

COVID - 19 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Акушер-гинекологдордун кыргыз ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров кош бойлуу аялдарды эмдөө боюнча берилген суроолорго жооп берди.

Эмне үчүн 21-жумадан кийин эмдөөдөн өтүүгө болот?

Кош бойлуу аялдын организминде көптөгөн өзгөрүүлөр болот, анын ичинде иммунологиялык дагы өзгөрүүлөр бар. Иммунологиялык өзгөрүүдө түйүлдүк бөтөн агент болуп саналат жана анын түйүлдүккө каршы агрессиясын азайтуу үчүн кош бойлуу аялдын организминдеги иммундук система кайра түзүлөт.

Бул бир процесс, экинчи жагынан, органогенез процесси түйүлдүк органдардын, ткандардын системасынын, жүрөк камераларынын биринчи катмарын калыптана баштаган учур. Бул жерде органогенезге таасир эте турган жана өнүгүп келе жаткан түйүлдүккө аялдын иммундук реакциясынын калыптанышына таасир эте турган эч кандай кийлигишүү болбошу абдан маанилүү. Андыктан, аталган процесстердин начарланышына зыян келтирбеш үчүн 20-жумадан кийин эмдөө сунушталган.

Вакцина балага кандай таасир этет?

Вакцинанын балага зыяны тийген фактылар болгон эмес, башкача айтканда расмий түрдө каттала элек. Түйүлдүккө зыяндуулугун алып карасак, инфекция пайда болгондо абалды жакшыртуу же айыктыруу алда канча кыйын. Эгерде эмдөө алса жеңил болот. Андыктан кош бойлуу кезде коронавирустук инфекциянын орточо же оор түрү менен ооруп калбаш үчүн, болочок энеге эмдөө алуу абдан маанилүү.

Мен акушер-гинеколог катары кош бойлуу кезде 20 жумадан кийин эмдөөнү сунуштайм, бала эмизген аялдарга өзүн жана баланы эки эсе коргоо үчүн эмдөөнү сунуштайм. Кош бойлуу болууну пландап жаткан аялдарга да эмдөөнү сунуштайм.

Пикир

Оставить комментарий