• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вакцинанын аркасында Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларда инфекциялык оорулар каттала элек - Акматова

Ден соолук 0

Бишкек, 11.05.22 /Кабар/. Өткөрүлүп келе жаткан пландык иммунизациянын аркасында Кыргызстанда жаңы төрөлгөн наристелерде дифтерия, селейме, кургак учук менингиттери жана “В” вирустук гепатити каттала элек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 1993-жылдан бери Кыргызстан полиомиелиттен таза өлкө болуп келе жатат.

Ал белгилегендей, 2006-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык аймактык бюросуна мүчө-мамлекеттер эмделбеген калкты кошумча иммунизациялоо үчүн мүмкүн болушунча жыл сайын өтүүчү Европалык иммунизация жумалыгын (EIW) колдоого чакырган резолюция кабыл алышкан. Кыргыз Республикасы бул демилгени 2007-жылдан бери, 15 жылдан ашык убакыттан бери колдоп келет.

“Бул демилгенин узак мөөнөттүү максаты калктын аярлуу жана коркунучтуу катмарына басым жасоо менен ар бир баланын вакцина менен алдын ала турган инфекциялардан коргоого болгон укугу жана муктаждыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу эмдөө программаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

COVID-19 пандемиясынын жыйынтыгында иммунизациянын деңгээли дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө төмөндөп кетти. Ушундан улам, бир нече жугуштуу оорулардын катарлаш чыгуу коркунучу реалдуу болуп, эмдөө темасы болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп калды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий