• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Валентина Шевченко беттештерден жарым жылга четтетилди

Спорт 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко беттештерден жарым жылга четтетилди.

АКШнын Техас штатынын беттеште уруксат берүү жана жөнгө салуу департаменти кыргызстандык мушкерди беттештерден жарым жылга четтетти.

Тыюу салуу мөөнөтү 2020-жылдын 7-августуна чейин каралган.

Мындай чечим Хьюстондогу UFC 247 мелдешинде Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды жеңгенден кийин кабыл алынган. Анда Шевченко үчүнчү ирет өзүнүн чемпиондук курун сактап калган.

Ошол эле учурда, Чукагян октагонго ушул жылдын 25-мартында чыга алат.

Департаменттин маалыматында, ар бир беттештен кийин дарыгерлерден түзүлгөн комиссия мушкерлерди медициналык себептерден улам кайсы бир мөөнөткө беттештерден четтетет. Ал эми департамент Шевченкону эмне себептен мындай узун мөөнөткө четтеткени тууралуу так маалымат бере элек.

Пикир

Оставить комментарий