• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Валентина Шевченко Бишкектеги күйөрмандары менен жолугушту - видео

Спорт 0


Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Бишкектеги соода борборлорунун биринде UFC чемпиону Валентина Шевченконун күйөрмандары менен жолугушуусу өтүп жатат.

Белгилей кетсек, UFC чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 7-апрель күнү өзүнүн машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге Бишкекке учуп келишкен.

Бүгүн спортчу президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, мамлекет башчы ага "Даңк" орденин тапшырды.

Мекенине келген спортчу айым Бишкекте жана Ош шаарында күйөрмандары менен жолугушууларды өткөрөт.

Спортчунун эртеңки жолугушуусу Ош шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө болот.

Белгилей кетсек, Шевченко былтыр декабрь айында UFC чемпиондук курун жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий