• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Валентина Шевченко Бразилияда жаңы салмактык категория боюнча биринчи беттешке чыгат

Спорт 0


Бишкек, 22.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Жеңил салмактык категория боюнча UFC чемпиондук титулуна талапкер болгон Валентина Шевченко жаңы салмактык категория боюнча Белемеде (Бразилия) 3-февралда UFC Fight Night 125 беттешине чыгат. Анын атаандашы бир да жолу жеңилүү ыраазын тарта элек Присцила Кечоейра (Priscila Cachoeira) болот.

Качоейра UFC дебюттук беттешке чыгат, анын байге куржунунда 8 жеңиш жана 8 мушташ бар.

UFC өкүлдөрү алдыда боло турган кармаш тууралуу расмий түрдө маалымат таратты. Акыркы беш беттеште Кечоейра өз атаандаштарын нокаут менен жеңил алган.

Шевченко UFC жеңил салмактык категория (61 кг чейин) боюнча беш жолу кармашка чыгып, үч ирээт жеңишке жетишип, экөөндө утулуп калган.

UFC 56 кг чейинки салмактык категория боюнча чемпиону болуп америкалык Никко Монтанна саналат, ал The Ultimate Fighter турниринин 26 сезонунун жеңүүчүсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий