• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Валентина Шевченко «Даңк» ордени менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлоо жана анын машыктыруучусу Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамын берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык аралаш күжүрмөн искусствонун (MMA — Mixed Martial Arts) абсолюттук мушкердик чемпионатынын (UFC — Ultimate Fighting Championship) турнирлеринде өзгөчө спорттук жетишкендиктери үчүн «Даңк» ордени менен аралаш күжүрмөн искусствонун мушкери, аялдар арасында өтө жеңил салмактагы UFC чемпиону Шевченко Валентина Анатольевна сыйланат.

Ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наам эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргыз Республикасынын «Муай Тай» тайбокс федерациясынын башкы машыктыруучусу Федотов Павел Васильевичке берилет.

Пикир

Оставить комментарий