• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Валентина Шевченко Генри Сехудо менен беттешүүгө даяр

Спорт 0

Бишкек, 13.08.19 /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко учурдагы чемпион Генри Сехудо менен ринг ичинде жолугушууга даяр. Бул тууралуу sport-express.ru жазып чыкты.

Шевченко өзүнүн кезектеги чемпиондук наамын коргогондон кийин аны Сехудо соцтармактар аркылуу беттешке чакырган.

“Учурда менин эки потенциалдуу каршылашым бар. Алар Кэтлин Чукагян жана Генри Сехудо. Анын видеосун көргөндө каткырдым. Мен ал мени жеңишим менен кттуктайт го деп ойлогом. Өз каалоолорду айтканда абайлаш керек. Ал алтындын артынан жүргөн мергенчи, бирок мен аны эч нерсеси жок кылып коё алам. Мен билбейм, ал чын айттыбы же жокпу. Мен баардыгы менен беттешке чыгууга даярмын. Эч кимден коркпойм. Акыркы беттештен кийин мен каалаганы менен мушташууга даяр экендигимди айткам”, - деди Шевченко кабарчыларга.

Эскерте кетсек, Шевченко өткөн жумада Уругвайда UFC Fight Night турниринде америкалык Лиз Кармуш менен беттешип, өзүнүн чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий