• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Валентина Шевченко кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Спорт 0

Бишкек, 31.12.18./Кабар/. UFC чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына куттуктоо видеосун жүктөгөн.

Кыргызстандык Шевченко өз күйөрмандарын англис, испан, орус жана кыргыз тилинде жаңы жыл майрамы менен куттуктаган.

Белгилей кетсек, жакында эле Валентина Шевченко эң жеңил салмак боюнча UFC чемпиону болгон. Ал польшалык мушкер Йоанна Енджейчик менен беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий