• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Валентина Шевченко: Мен үчүн Ысык-Көл касиеттүү жер

Спорт 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. "Ысык-Көл мен үчүн касиеттүү жер". Бул тууралуу кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Спортчу Кыргызстанга келип, эс алып кетүүнү көптөн бери ойлонуп жатканын, бир жума эмес, толук үч ай жүрүүнү, болгондо да ал эс алууну Ысык-Көлдө өткөрүү оюнда болгондугун билдирди.

Аны менен бирге, ал Ысык-Көлдө кичинекей кезинен машыгууларды өткөргөндөрүн айтып өттү.

"Мен үчүн Ысык-Көл ыйык жер болуп келет. Машыгууларды Ысык-Көлдө өткөрчүбүз. Көл жээгинде, табият койнунда машыкчубуз. Сейилдеп, сууга түшчүбүз. Ысык-Көл менен байланышкан көп жакшы сезимдер бар. Адамга күч берген жер болсо, мен үчүн ал Ысык-Көл болуп эсептелет", - деди спортчу.

Белгилей кетсек, UFC чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 7-апрель күнү өзүнүн машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге Бишкекке учуп келишкен.

Мекенине келген спортчу айым Бишкекте жана Ош шаарында күйөрмандары менен жолугушууларды өткөрөт. Бишкектеги күйөрмандары менен жолугушуусу, бүгүн "Бишкек парк" соода борборунда саат 16:00дө болору айтылууда. Ал эми эртеңки жолугушуу Ош шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө болот.

Белгилей кетсек, Шевченко былтыр декабрь айында UFC чемпиондук курун жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий