• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Валентина Шевченко: "Ош" базарына барып кеткенге аракет кылам

Спорт 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. "Ош" базарына барып кеткенге аракет кылам, - деп билдирди кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Бишкектеги маалымат жыйынында.

Журналисттерден "бала кезинен сейилдегенди, айрыкча Ош базарын кыдырганды жакшы көрөт экенсиз, колуңуз бош болсо ал жакка барасызбы?" деген суроо жаңырган. Суроого жооп берип жатып спортчу "Ош" базардын өзгөчө колорити бар экенин белгиледи.

"Менимче, "Ош" базары Бишкектеги атактуу жерлердин бири. Бала кезимде гана эмес, азыр да сейилдеген жагат. Анын колорити бар. Эмне кааласаң, ал жактан тапсаң болот. Колум бош болсо, кыдырып келем. Жөн гана бир нерсе сатып алуу үчүн эмес, атмосферадан ырахат алуу үчүн да барам. Мен үчүн "Ош" базары жөн гана бир нерсе сатып ала турган жер эмес, биздин кыргыз маданиятынын бир бөлүгү сыяктуу. Кыргызстанды ойлогондо Ысык-Көл менен "Ош" базары эске түшөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, UFC чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 7-апрель күнү өзүнүн машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге Бишкекке учуп келишкен.

Мекенине келген спортчу айым Бишкекте жана Ош шаарында күйөрмандары менен жолугушууларды өткөрөт. Бишкектеги күйөрмандары менен жолугушуусу, бүгүн "Бишкек парк" соода борборунда саат 16:00дө болору айтылууда. Ал эми эртеңки жолугушуу, Ош шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө болот.

Белгилей кетсек, Шевченко былтыр декабрь айында UFC чемпиондук курун жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий