• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Валентина Шевченко Ош облустук милициясына барып, өздүк курамга мастер-класс өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына келди.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мушкерди Ош ОИИБдин саптык аянтчасында туу көтөрүү менен өздүк курам салтанаттуу тосуп алды. Аталган аземдин жүрүшүндө Кыргызстандын гимни аткарылып, андан соң Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов сөз сүйлөп, белектерди тапшырды.

Өз сөзүндө Валентина Шевченко милиция кызматкерлери менен жолукканына кубанып, салтанатуу тосуп алгандыгына ыразычылыгын билдирди. Ошондой эле спортчуга арналган салтанатуу азем саптык жүрүш менен аяктады.

Андан соң башкармалыктын спорт залында дүйнө чемпиону өздүк курамга мастер-класс көрсөтүп өттү.

Ошондой эле башкармалыктын имаратында жайгашкан милициянын генерал-майору Базарбай Нурматов атындагы тарых музейдин материалдары менен таанышып, музейге киргендер үчүн кол тамгасын калтыруу журналына калоо-тилектерин жазып кетти.

Пикир

Оставить комментарий