• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Валентина Шевченко Ош шаарында спортчуларга мастер-класс көрсөтөт

Аймак 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Валентина Шевченко Ош шаарында спортчуларга мастер-класс көрсөтөт.

Алгач, спортчуга Ош шаарында экскурсия жүргүзүлөт. Андан кийин мушкер спортчуларга мастер-класс көрсөтөт. Ал эми кечинде шаардын борбордук аянтында күйөрмандары менен жолугат.

Белгилей кетсек, Шевченко Кыргызстанга 7-апрель күнү учуп келген. Кечээ, ал Бишкек шаарында болуп, бүгүн Ош шаарына барган.

Аны аэропортон күйөрмандары, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык спорт комитеттин өкүлдөрү тосуп алышкан.

Валентина Шевченко Ош шаарына келгенине кубанып жатканын айтып, жылуу тосуп алгандарга ыраазычылык билдирген.

"Ош шаарына акыркы жолу 2000-жылы келгем. Кыргызстанга келгенден кийин Ошко келбей кое албадым. Анткени бул жерде аралаш мушташтын күйөрмандары абдан көп", - деди В.Шевченко.

Пикир

Оставить комментарий