• 81.21
  • 82.35
  • 1.32

Валентина Шевченко Ош шаарындагы күйөрмандары менен жолукту — сүрөт

351 кароо Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Кечээ, 12-декабрда, UFC уюмунун жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына барып, күйөрмандары менен жолукту.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, саат 14:30да Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары жана спортчулар менен жолукту.

Шевченконун Ош шаарындагы сапары эки күнгө созулат. Ал мектеп окуучулары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен да жолугат.

Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы курун алты ирет коргогон.

Пикир

Оставить комментарий