• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Валентина Шевченко UFC рейтингинде бир сапка төмөндөдү

Спорт 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун кыз-келиндер арасында мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка төмөндөдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Рейтинг жакында болуп өткөн UFC 248 мелдешинин жыйынтыгы менен өзгөртүлгөн. Анда эң жеңил салмакта Вэйли Чжан чемпиондук курун коргоо үчүн Йоанна Еджейчик менен октаганго чыгып, аны жеңип алган.

Вэйли Чжан бул жеңиши менен рейтингде экинчи орунга көтөрүлүп, Шевченкону бир сапка түшүргөн.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко өтө жеңил салмактагы тизмеде сап башында турат.

Пикир

Оставить комментарий