• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

Спорт 0

Бишкек, 4.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко Ultimate Fighting Championship (UFC) рейтингинде биринчи орунду сактап калды,-деп маалымдалат UFC расмий сайтында.

Жаңыланган рейтинг UFC 219 турниринин жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 1-январында жарыяланган. Турнир Лас-Вегаста өтүп, анда Шевченко катышкан.

Дүйнөлүк рейтингде аялдар арасында 61,5 кг салмактык категория боюнча биринчи орунда Шевченко, андан кийин Холли Холм, үчүнчү орунда Джулианн Пенья (АКШ) турат.

Сайтта маалымдалгандай, Шевченконун кийинки беттеши 3-февралда “UFC Fight Night 125” турниринин алкагында өтөт, атаандашы бразилиялык Присцилла Качоейра.

Пикир

Оставить комментарий