• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Валентина Шевченко UFC уюмунун кыз-келиндер рейтингинде экинчи сапка жайгашты

Спорт 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун кыз-келиндер арасында эркин салмактагы рейтингинде экинчи сапка жайгашты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында көрсөтүлгөн.

Уюмдун кыз-келиндер арасында эркин салмак категориясы жакында гана пайда болду. Буга чейин кыздар жана эркектер арасындагы мыкты мушкерлердин тизмеги жарыяланып турчу.

Жаңы түзүлгөн рейтингдин биринчи сабында бразилиялык Аманда Нунес турса, экинчи орунга кыргызстандык мушкер жайгашты.

Эскерте кетсек, Нунес менен Шевченко эки ирет беттешкен, экөөндө тең бразилиялык мушкер жеңишке жеткен.

Пикир

Оставить комментарий