• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Валентина Шевченко өзүнүн каршылашын жеңди (видео)

Спорт 0


Бишкек, 04.02.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бразилиянын Белене шаарында өтүп жаткан UFC Fight Night 125 турниринде Кыргызстандык Валентина Шевченко өзүнүн каршылашы Присцилла Кечоейра менен беттешип жеңишке жетишти.

Мушташ алгач эле Шевченконун соккусу менен башталды. Экинчи раунддун акыркы мүнөттөрүндө Шевченко муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, бразилиялык Присцилла Кечоейра ММА эрежеси боюнча мушташта бир да жеңилүү ызасын татып көрө элек болчу. Анын эсебинде 8 мушташ бар, анын 4ө нокаут менен жыйынтыкталган.

Шевченко үчүн бул 57 кг салмактык категория боюнча алгачкы мушташ болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий