• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Валентина Шевченкону Ошто кантип тосуп алышты? – видео

Спорт 0


Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. UFC версиясынын аралаш күрөшүү боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Ош шаарына учуп барды. Маалым болгондой, спортчу бүгүн саат 18:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында күйөрмандары менен жолугат.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченко менен жолугуп, "Даңк" ордени менен сыйлады.

Андан тышкары, спортчу менен ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков да жолугуп, өз белектерин тапшырган.

Түштөн кийин Валентина Шевченко журналисттердин суроолоруна жооп берип, андан соң, күйөрмандары менен жолуккан.

Белгилей кетсек, UFC чемпиону Валентина Шевченко 7-апрелде машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге Бишкекке учуп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий