• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Валентина Шевченконун атаандашы мурдагы UFC чемпиону Йоанна Енджейчик болот

Спорт 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко ушул жылдын декабрь айында Канадада беттешет. Бул тууралуу ал өзүнүн жеке баракчасына жазган.

Шевченконун атаандашы польшалык спортчу Йоанна Еджейчик болду. Беттеш UFC 231 турниринин алкагында Торонтодо 8-декабрда өтөт.

Эске салсак, АКШнын Даллас шаарында 9-сентябрда UFC 228 турнири өткөн. Ал жердеги эң негизги беттештерддин бири 57 килограммга чейинки салмак категориясында чемпиондук титул үчүн чемпион Никко Монтано менен кыргызстандык Валентина Шевченконун беттеши болушу керек эле.

Бирок Монтано беттештен ден соолугуна байланыштуу четтетилген. Кийинчирээк UFC аны чемпиондук титулунан ажыраткан.

Йоанна Енджейчик минималдуу салмактагы мурдагы UFC чемпиону (2015-жылдан 2017-жылга чейин). Титулдук кармашта Роуз Намаюнаска эки жолу жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий