• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Валентина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко төртүнчү ирет чемпиондук курун коргойт. Бул тууралуу ESPN телеканалы маалымдайт.

Беттеш UFC 251 мелдешинин алкагында 6-июнда өтөт.

Телеканалдын маалыматында, эки тарап беттеш өткөрүүгө макулдугун берген. Азырынча UFC уюму мелдештин өткөрүү жерин аныктай элек.

Кыргызстандык мушкердин атаандашы шотландиялык Жоан Калдервуд болот. Ал буга чейин америкалык мушкер Кэтлинг Чукагянга жеңилип калган. Жоан Калдервуд аталган уюмдун рейтингинде үчүнчү орунда турат.

Эскерте кетсек, Шевченко февраль айында Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип алып, чемпиондук курун үчүнчү ирет коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий