• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Валентина Шевченконун UFC FN мушташынын алдындагы ачык машыгуусу

Спорт 0


Бишкек, 01.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Валентина Шевченко өзүнүн интернеттеги баракчасына Бразилияда өтө турган UFC FN мушташынын алдындагы ачык машыгуусун жарыялаган.

Эске сала кетсек, 3-февралда мурдагы UFC титулу чемпиондугуна жеңил салмактагы категория боюнча (61,2 кг) талапкер болгон Валентина Шевченко эң жеңил салмактагы (56,7 кг) категория боюнча Белемеде (Бразилияда) UFC Fight Night 125 мушташына катышат. Анын атаандашы жеңилүү ызасын тартып көрө элек Присцила Кечоейра (Priscila Cachoeira) болмокчу.

UFC өкүлдөрү алдыда күтүлүп жаткан мушташ тууралуу расмий маалымат беришти. Акыркы беш жолку кармашта Кечоейра өзүнүн төрт атаандашын нокаут менен жеңип алган.

Шевченко жеңил салмактык категория боюнча (61 кг чейин) UFC беш жолу мушташка чыгып, үч ирээт жеңишке жетип, экөөндө жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий