• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Валерий Кичин Беларустун "Динамо" клубунан кетти

Спорт 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Беларустун "Динамо" футболдук клубу менен Кыргызстандын улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичиндин ортосунда түзүлгөн келишим токтотулду. Бул тууралуу аталган кулбдун расмий сайтында айтылат.

Клуб билдиргендей, келишим эки тараптын макулдугу менен токтотулду.

"Динамо-Минск" Валерий Кичинге ыраазчылык билдирип, алдыда көп ийгиликтерди каалайт. Биздин клубдун оюндарын көрүп, колдогон кыргызстандык күйөрмандарга ыраазычылык билдиребиз. Чоң рахмат!", - деп жазган клуб.

Белгилей кетсек, Кичин "Динамонун" катарына былтыр жай айында келген.

Пикир

Оставить комментарий