• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Валерий Кичин россиялык клубдун катарында алгачкы расмий оюнун өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Валерий Кичин россиялык "Торпедо" командасынын катарында алгачкы расмий оюнун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин маалымат кызматы билдирди.

Кичин футбол боюнча Россиянын кубогунун чейрек финалында "Химки" командасына каршы оюнга катышты. Оюн 5:1 эсебинде "Химки" клубунун жеңиши менен жыйынтыкталды.

"Торпедонун" кийинки атаандашы "Авангард" командасы болот.

Пикир

Оставить комментарий