• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Валерий Кичин россиялык "Торпедо" клубу менен келишим түздү

Спорт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын капитаны Валерий Кичин россиялык "Торпедо" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

Ага ылайык, келишим быйылкы сезондун аягына чейин түзүлгөн.

Россиялык "Торпедо" клубу улуттук лигада ойногон командалардын бири.

Эскерте кетсек, буга чейин Кичин "Динамо" клубунда ойноп келген.

Пикир

Оставить комментарий