• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Валюта базарындагы абал туруктуу – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Валюта базарындагы абал көптөгөн тышкы факторлордон көз каранды. Бүгүнкү күндө абал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР УБ төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Улуттук банкынын учурдагы резерви 2 млрд. 100 млн доллар, ошондуктан абал туруктуу деп бааланууда.

"Эгерде келечек тууралуу айта турган болсок, анда бул жерде айрым факторлорду эске алуу керек. Мисалга, биздин соода өнөктөштөрдүн абалын кароо керек. Бүгүнкү күндө дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болууда. Кытай менен АКШнын ортосунда соода согушу жүрүүдө, мунайга болгон баа туруктуу эмес", - деп түшүндүрдү ал.

КР УБнын төрагасы маалымдагандай, бул айда Улуттук банк эки ирэт интервенция жасаган, анын жалпы суммасы 25,6 млн. долларды түзгөн. Бардыгы болуп 2018-жылы 8 интервенция жасалган.

Пикир

Оставить комментарий