• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Валюта базарындагы абал туруктуу – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын учурдагы резерви 2 млрд. 120 млн доллар, бул деген 3,5 айга импортту жаба алган суммага барабар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР УБ төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан азыркы учурга чейин комфорт аймагында турат.

Улуттук банктын башчысы билдиргендей, Кыргызстандын валюта базарындагы абал туруктуу.

Абдыгуловдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын август айынын орто ченинде ички валюта рыногунда сунушка караганда чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын өсүшү байкалган.

"Улуттук банк валюта базарындагы абалды көзөмөлдөө максатында интервенция жасады", - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, августтун ортосунда Улуттук банк 19,05 млн. доллар саткан.

Пикир

Оставить комментарий