• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Валюта рыногундагы абал туруктуу – Улуттук банктын төрагасы

Экономика 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Абдыгулов сөзүнүн башында 1993-жылы 10-май күнү Кыргызстандын улуттук валютасы жүгүртүүгө чыгарылганын айтып, ага байланыштуу кыргызстандыктарды жана бүгүн кесиптик майрамын белгилеп жаткан банк кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Анын айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстанда банк системасында 15 миң киши иштейт.

"Бүгүнкү күнү валюта рыногундагы абал туруктуу. Улуттук банктын резервдери 2 млрд 394 млн сомду түзөт. Ал 4,5 айлык импортко жетет. Улуттук банк күн сайын ички жана тышкы рыноктогу абалга байкоо жүргүзүүдө. Зарыл болгон учурда Улуттук банк интервенция жасай алат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий