• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Варос Симонян: Санарип эгемендикти унутпоо керек

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22 /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтүп жатат. Бул аймактагы ири иш-чара, анын жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөн келген адистер көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашат. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, алардын жүрүшүндө 20 сессия өтөт. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерине токтолуп, учурдагы геосаясий абалдан чыгуунун жолдорун талкуулашат.

“ЕАЭБдин санариптик күн тартиби 2.0” панелдик талкуусунун жүрүшүндө “ЕАЭБди натыйжалуу интеграцияга карата ачкыч катары санариптик өнүктүрүү” сессиясы өтүүдө. Маалым болгондой, ЕАЭБдин санариптик күн тартибин андан ары өнүктүрүү, албетте, тез өзгөрүп жаткан дүйнөнүн фонунда глобалдык тенденцияларды жана чакырыктарды эске алуу менен санариптик чөйрөдөгү башкаруучулук чечимдерди тынымсыз кайра карап чыгууну жана аларды ишке ашырууга мамилени жакшыртууну талап кылат. Эксперттер андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Евразия экономикалык комиссиясынын ички рынок, маалыматташтыруу, маалыматтык-байланыш технологиялары боюнча коллегиясынын мүчөсү Варос Симонян белгилегендей, санарип күн тартиби интеграция үчүн маанилүү куралдардын бири болуп саналат.

“Негизги артыкчылыктар аныкталган багыттар – санариптик соода, санариптик транспорт коридорлор, маалымат жүгүртүү жана башкалар. Санариптик күн тартиби түзүлгөндөн тартып чектөөсүз иш табуу, экосистемдик улуттук сервиси сыяктуу долбоорлор ишке кирди. Бүгүнкү күндө негизги факторлордун жана артыкчылыктардын бири биримдиктин бардык катышуучуларын тармакка бириктирүү болуп саналат. Азыр өлкөлөр үчүн санариптик платформа концепциясын талкуулоо процесси башталды. Мындан тышкары, биз улуттук санарип эгемендигибизди унутпашыбыз керек”, - деди ал.

Коллегиянын мүчөсү мындан аркы санариптештирүү экономиканын түрдүү тармактарынын өсүшүнүн негизги фактору экенин да белгиледи. Санариптештирүү көп жылдар бою интеграцияга киргизилген.


 

Пикир

Оставить комментарий