• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Варшавада кыргыз-поляк саясий консультациялары өттү

Саясат 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 30-ноябрда Польшанын Варшава шаарында Кыргызстандын жана Польшанын Тышкы иштер министрликтерининн ортосунда саясий консультациялар өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Кыргыз делегациясы тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин, ал эми Польша делегациясы – тышкы иштер министринин орун басары Марчин Пшыдачтын жетекчилиги астында катышты.

Консультациялардын жүрүшүндө Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү 2022-жылы Кыргызстан менен Польшанын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл болгонун жана бул аралыкта тараптардын ишенимдүү саясий байланыштары түзүлгөндүгүн канааттануу менен баса белгилешти.

Дипломаттар кыргыз-поляк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, Айбек Молдогазиев Тышкы иштер министрлиги Польша менен европа багытында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Консультациянын эң негизги пункттарынын бири өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери болду, анда Айбек Молдогазиев Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө, ошондой эле ишкерлердин ортосунда тыгыз байланыш түзүүгө шарт түзө турган бизнес-форум уюштурууга польшалык кесиптешинин көңүлүн бурду.

Айбек Молдогазиев польшалык кесиптештерине Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн тийиштүү шарттар тууралуу кеңири маалымат берип, кыргыз тарап Польша менен айыл чарба, шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, гидроэнергетика, медицина, фармацевтика өндүрүшү, медициналык борборлорду, лабораторияларды түзүү сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экекдигин билдирди.

Өз кезегинде польшалык кесиптештер да бул тармакка көңүл бурарын белгилешти, анткени мамлекеттер ортосундагы мамилелерди колдоо үчүн экономикалык мазмуну маанилүү.

Ошондой эле дипломаттар консулдук-укуктук чөйрөдө кызматташуу маселелерин талкуулашты. Польша тарапка КР жарандары үчүн визалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Ошону менен бирге, Польша тарапка Польшада Кыргызстандын жарандарын максаттуу ишке орноштурууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Айбек Молдогазиев маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкка токтолуп, «Erasmus+» жалпы европалык программасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында жана эки тараптуу негизде, КР жарандарын Польшанын жогорку окуу жайларында окуу үчүн стипендия менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Тараптар И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде поляк тили кабинетинин ийгиликтүү иштеп жаткандыгын, аны Поляк тили жана маданияты борборуна айландыруу пландаштырылганы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн канааттануу менен белгилешти.

Эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. КР тышкы иштер министринин орун басары Украинадагы конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарылдыгы боюнча кыргыз тараптын өзгөрүлбөс позициясын айтып, ошондой эле Афганистандагы кырдаал жана башка маселелер боюнча өзүнүн көз караштары менен бөлүштү.

Дипломаттар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. БУУнун алкагында Кыргызстандын талапкерлигин жана демилгелерин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирилди.

Консультациялардын жыйынтыгында тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү кезектеги саясий консультацияларды 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий