• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Варшавада өткөн эл аралык турнирде Тыныбекова менен Жуманазарова алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 07.11.20. /Кабар/. «Poland Open» эл аралык мелдешинде (Варшава шаары, Польша) кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама кошууну 2 алтын медаль жеңди.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмактык категорияда биринчи орунга ээ болду. Алгачкы жолугушууда ал Россиянын спортчусун мөөнөтүнөн эрте жеңип, ал эми жарым финалда Африканын чемпиону менен беттешип, артка калтырды. Финалдык беттеште Айсулуу Россиянын спортчусун жеңди.

Экинчи алтын медалды 68 кг чейинки салмактык категорияда күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алып келди: чейрек жана жарым финалдарда Россия жана Түркиянын спортчуларын жеңип, финалда Польшанын спортчусу менен беттешип, биринчиликти алды.

Белгилей кетсек, мелдеш 4-ноябрда старт алган. Кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер 6-7-ноябрь күндөрү өттү.

Курама кошуундун мелдешке катышуусу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий